Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Короо-жайды, имаратты ж. б. тегерете кирпичтен, топурактан ж. б. бийиктей жасалган тосмо, коргон. Огородун айланта Дубал менен бекиткен (Нуркамал). Чиркөөнүн чоң короосу, короону айланткан бийик дубалы, дубалдын темир дарбазасы бар (Баялинов). Ага чейин кулактардын дубалын согуп кол жоорутпадыкпы (Сыдыкбеков). 2. Тамдын, имараттын керегеси. Дубал бетине жүк жыйылган (Жантөшев). Заводдун дубалы көтөрүлүп, төбөсү жабылып, ички монтаж жумуштары башталды (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир мекеменин, ишкананын, уюмдун ж. б. кол менен жазылып же машинкага басылып, мезгил-мезгили менен чыгарылып, дубалга же көрүнөө жерге илинип коюлуучу органы, газетасы. Мектептин дубал газетасы. Кимдир бирөө кереге газетасын чыгаруу жөнүндө сунуш киргизди (Баялинов).